Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Журналисттик иликтөө фондун Азамат Тынай тегин жетектейт


Азамат Тынай тегин
Азамат Тынай тегин

Журналисттик иликтөөлөр фондунун төрагасы болуп Азамат Тынай тегин тандалды. Мындай чечимди 25-июндагы фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү кабыл алды. Буга чейинки төрайым Гладис Темирчиева өз каалоосу менен кызматын өткөрүп берген.

Жыйында фонддун 2025-жылдын алты айында болгон ишмердүүлүгү талкууланып, алдыдагы иш-чаралар бекитилди.

59 жаштагы Азамат Тынай тегин Кыргызстандагы белгилүү журналист, медиа эксперт. Ал өлкөдөгү бир нече медиада журналист, редактор болуп иштеген.

Белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы сентябрда ишмердигин баштаган. Фонд иликтөөчү журналисттерге тренингдер, долбоорлорду уюштуруу иштери менен алектенет.

Жыл сайын 12-февралда мыкты журналисттик иликтөөлөр арасында сынак жарыялап, Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарып келет. Муну менен катар эл аралык уюмдардын шериктештиги астында "Чындык" деп аталган форум өткөрүп келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG