Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Орусиянын соккусунан Украинанын Самар шаарында беш киши набыт болуп, ондогон тургун жараат алды


Днепропетровск облусундагы кыйраган үй
Днепропетровск облусундагы кыйраган үй

Орус армиясы Днепропетровск облусунун Самар шаарына сокку урганда беш киши набыт болуп, 23 киши жараат алганын облустун аскердик администрация жетекчиси Сергей Лысак билдирди. Ал дагы төрт кишинин абалы оор экенин кабарлады.


Бир апта ичинде ушуну менен бул шаар экинчи жолу чабуулга кабылды. 24-июнда орус армиясы Днепр жана Самар шаарларына сокку урду. Днепрде 21 киши каза тапса, Самарда эки кишинин өмүрү кыйылды. Жалпысынан 340 адам жабыркады.

"Издөө-куткаруу иштери уланууда. Ошондой эле дайынсыз болгон адамдар бар", – деп Лысак 27-июнда жазды.

28-29-июнда Самарда аза күтүү жарыяланды.

Киев облусунда жумага караган түнү орус армиясынын чабуулунан бир киши жабыркап, үч имарат талкаланды. Харьков облусунда бир киши каза таап, төрт киши жараат алып, эки имарат бузулганын облустун администация башчысы Олег Синегубов билдирди.

Сумы облусунун бийлиги 16 калктуу пунк авиасоккуга жана дрон чабуулуна кабылганын, эч ким жабыр тартпаганы тууралуу маалымат таратты.

Орусиянын Коргоо министрлиги "Кинжал"ракетасы жана дрондор менен аскердик аэродромго сокку урулганын билдирип, чоо-жайын айткан жок. Сөз Украинанын батышындагы Староконстантиновдогу аэродром тууралуу болушу ыктымал.

Украин армиясы 363 пилотсуз аппараттын 211и атып түшүрүлгөнүн билдирди. Дагы 148 дрон бутага жетпей радардан жоголгон. Ошондой эле орус армиясы Украинанын аймагын көздөй сегиз канаттуу жана баллистикалык ракета атканын дагы маалымдады. Алардын алтоо атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG