Ош шаарынын Жапалак айылынын четинде жайгашкан арматура заводунун ишмердигине каршы болгон 100дөй киши 11-августта митингге чыгышты. Алар өндүрүш ишканадан чыккан зыяндуу заттар ага жакын жашаган тургундардын ден соолугуна зыянын тийгизип жатканын айтышты.