Орус армиясынын Днепр шаарына соккусунан 18 киши каза таап, 300 киши жараат алды. Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда.
Украинанын Днепр шаарында орус аскерлеринин шейшемби күнкү соккусунан каза тапкандардын саны 18 кишиге жетти. Эртеси да Запорожье, Харьков облустары аткыланганын, бир киши каза тапканын, бир нечеси жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Израилдин бийлиги Иран менен ок атышууну токтотуу режими күчүнө киргенин ырастады. Бирок көп узабай Ислам жумурияты макулдашууну бузуп, ракета атканы үчүн Иран бийлигинин Тегерандагы буталарына каршы операцияны улантуу буйругу берилгенин Израилдин коргоо министри Исраэл Кац билдирди.
Иранда жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин ордун баса турган кишини тандоо комитети (Эксперттер ассамблеясы) акыркы күндөрдө өз ишин ыкчамдатты. Бул тууралуу бир нече булакка таянып Рейтер агенттиги жазды. Талапкерлер арасында Хаменеинин уулу Можтаб да бар.
АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк жайларын бомбалоо чечими жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна алып келди жана жаңжалдын жайылуу коркунучун жаратты. БУУнун хартиясы бузулганын билдирген Тегеран азырынча аскердик жооп кайтара элек.
АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк жайларын бомбалоо чечими Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна алып келди жана жаңжалдын жайылуу коркунучун күчөттү. БУУнун хартиясы бузулганын билдирген Тегеран азырынча аскердик жооп кайтара элек.
2025-жылдын 25-жумасында тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.
Иран АКШнын Катардагы аскердик базасын бутага алып, бул чабуулду "Американын агрессиясына" жооп деп мүнөздөдү. 22-июнга караган түнү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урган. Президент Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” айткан.
АКШ армиясы ишембиге караган түнү Ирандын үч өзөктүк жайын аткылады. Иран менен Израилдин жаңжалына АКШнын аралашканы Жакынкы Чыгышта чоң согуш чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.
Израил Ирандын өзөктүк программасын, анын ракета аткычтарын жок кылуу деген жүйө менен баштаган чабуулуна жана Иран ага жооп кайтарып жатканына бир апта болду. Бирок Израилдин чыныгы максаты Ирандын өзөктүк жайларын жок кылуу эмес, анын башкаруу режимин алмаштыруу деген пикирлер көп айтыла баштады.
АКШ Кыргызстанды миграциялык чектөө салынган өлкөлөрдүн катарына киргизиши мүмкүн деген маалымат тарады. Буга эмне себеп болушу ыктымал? Эми кыргыз жарандарынын виза алуу мүмкүнчүлүгү канчалык чектелиши мүмкүн? «Азаттык» АКШдагы кыргызстандык юрист Айзада Марат кызы менен маектешти.
Дагы жүктөңүз