Баткен: догдурлар ката кетирбесин
Баткенде облустук оорукананын 1970 - жылы курулуп, эскилиги жетип, оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген имараты атайын шаймандар менен жабдылган окуу борборуна айланды. Буга чейин аймактын медицина кызматкерлери Оштон же Бишкектен кесиптик билимин жогорулатып турушса, эми жеринде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул демилгеден кийин аймак калкы медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги аз да болсо жеңилдейт деп үмүт артууда. Учурда Баткен облусунда 200дөй дарыгер жетишпейт.
Чыгарылыштар
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”
-
Апрель 27, 2025
Молдовановка: Абак айланасындагы турмуш