Бүгүн Ак үйдүн алдына чогулган жарандык активисттер президентке Суу кодексине кирип жаткан өзгөрүүлөргө каршы петицияны тапшырды. Жарандык активист Рита Карасартова петицияга кол топтоо change.org сайты аркылуу жүрүп, ага 2 миңдей киши кол койгонун билдирди.