Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

УКМК Абдулла Юсупов шылуундукка айыпталып кармалганын билдирди


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

2010-жылкы бийлик алмашуу учурундагы мародерлукка айыпталып соттолуп чыккан Абдулла Юсупов “Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган” деген шек менен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, ал президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, Сузак районунда колунда бар адамдардын жерлерин мыйзамсыз алып, башкаларга сатып жүргөн.

24-июнда Абдулла Юсупов жана анын шериктери (Х.З.А. жана Т.М.Ф.) кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды. Абдулла Юсуповдун жашаган жерин тинтүү учурунда баңги зат, жарандардын жер тилкелеринин документтери табылып, алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Абдулла Юсупов 2010-жылкы Апрель окуясынан кийинки бийлик алмашуу учурундагы морадерлук боюнча соттолуп чыккан. Акыркы окуя боюнча ал жана аны менен кошо кармалгандардын жакындары, адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG