Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Орусияда Украинаны колдогон казак жараны 12 жылга соттолду


Туран Устюгов.
Туран Устюгов.

25-июнда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы аймактык аскердик сот Казакстандын 19 жаштагы жараны Туран Устюговду “террордук уюмдун аракеттерине катышкан” жана “террордук аракеттерди ишке ашыруу үчүн окуудан өткөн” деген айыптар менен 12 жылга түрмөгө кести. Бул тууралуу “Азаттык Азия” анын апасы Элмира Жанабаевага шилтеме кылып жазды. Прокурорлор казак жаранын 25 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн болчу.

«Ал эч нерсе кылган жок. Болгону ниети үчүн ага абак жазасын берип коюшту», - деди Жанабаева.

Ал уулу согуш башталгандан бери Телеграм аркылуу белгисиз адамдар менен байланышып, согушка баруунун жолдорун караштырып жүргөнүн, Украинаны коргоо керек деп айтканын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, Туран 2024-жылдын 27-сентябрында Алматыдан чыгып кеткен. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети ал ошол күнү Кыргызстандын аймагына өтүп, андан ары кайда кеткени белгисиз болуп жатканын апасына билдирген. Беш күндөн кийин Туран Орусия аннексиялаган Крым жарым аралында кармалганы белгилүү болгон.

Орус тергөөчүлөрү Туран украин күчтөрүнүн катарында согушууну, Крым аркылуу Украинанын негизги аймагына өтүүнү көздөгөнүн билдирүүдө. Алардын айтымында, Турандын телефонунан Орусияда террордук топтор деп таанылган, Украинанын куралдуу күчтөрүнө байланышы бар деген «Орустардын ыктыярдуу корпусунун» жана «Азов» полкунун анкеталары табылган. Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Туран Устюговдун иши боюнча Орусиядагы жергиликтүү мамлекеттик органдар, адвокаттар менен байланышта экенин билдирген.

«Бул аймакта Казакстандын өкүлчүлүгү болбогонуна байланыштуу аны менен адвокаты туруктуу байланышта болуп жатат. Учурда аталган жаран өзүнүн абалын канааттандырарлык деп баалайт жана саламаттыгына байланыштуу арыз-дооматы жок», - деп маалымдаган Казакстандын тышкы саясий мекемеси.

Шерине

XS
SM
MD
LG