Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Түз ободо Иран-Израил чатагы: Трамп эки тарапка тең нааразы экенин айтты

Иран АКШнын Катардагы аскердик базасын бутага алып, бул чабуулду "Американын агрессиясына" жооп деп мүнөздөдү. 22-июнга караган түнү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урган. Президент Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” айткан.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, Ирандын аймагына сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) шашылыш жыйын уюштурду. Ал эми Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандырууга үндөп жатышат.


14:29 24.6.2025

Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи 23-июнда Түркмөнстанга расмий сапар менен келип, эки тараптуу кызматташтык маселелери боюнча жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Ашхабадда өткөн жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал талкууланды. Иран менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, аймактык жана эл аралык мааниге ээ маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Маалыматка караганда, Ирандын башкы дипломаты Түркмөнстандын президентине Иран элине көрсөткөн боордоштук колдоосу жана гуманитардык маселелерди ишке ашарыганына ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Түркмөнстан эл аралык жаңжалды күч колдонуу менен чечүүгө каршы экени, БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине таянып, тынчтык жолу менен гана чечүүнү колдой турганы белгиленди.

Мындан тышкары, Ашхабад Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу жана чөлкөмдө тынчтыкты камсыз кылуу үчүн бардык кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөргө катышууга даяр экенин билдирди.

11:00 24.6.2025

АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган Иран-Израил тынчтыкка келгени тууралуу билдирүүлөрүнүн жагдайлары белгилүү болууда. Израил 24-июндун таңында ок атууну токтотуу жараяны ишке кирерге бир нече мүнөт калганда Иран ракетадан аткылаганын жарыялады.

Израилдин расмийлеринин маалыматы боюнча, Беэр-Шева шаарындагы көп кабаттуу үйгө ракета тийип, кеминде үч адам каза болгон.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи чабуулдарга тыныгуу жарыяланганын айтканы менен бүгүн таңдагы билдирүүсү бир катар суроолорду жаратты.

“Азыркы тапта ок атуу же операцияларды токтотуу маселеси боюнча эч кандай келишим жок", - деп жазды Telegram-каналына.

Иран министри “бүгүн 4кө чейин эгер Израил Иранга каршы “мыйзамсыз агрессиясын” токтотсо, биз да чабуулдарга жооп бербегенге даярбыз” деп кошумчалады.

Ал эми Израил ок атууну токтотуу боюнча жарыяларга комментарий бере элек. Ошол эле маалда Иран АКШ талап кылган уранды байытууну токтотуу шартына көнөбү деген суроого азырынча жооп жок.

Ал тапта Reuters агенттиги сүйлөшүүлөрдөн кабардар болгон чиновникке таянып, АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө Катардын өкмөт башчысы шейх Мохаммед бин Абдулрахман Аль Тани ортомчу болгонун жазып чыкты. Ал АКШнын ок атууну боюнча токтотуу боюнча шартын Иран бийликтерине жеткирип, макулдугун алган.

Ага чейин Катардын эмири Трамп менен сүйлөшкөндө АКШ президенти Израилдин тынчтык келишине көнгөнүн айтып, расмий Тегеренды макул кылуу үчүн шейхтен көмөк сураган.

10:32 24.6.2025

Ирандын мамлекеттик телеканалы 24-июндун таңында Израил менен аскердик жаңжалда ок атышууну токтотуу режими башталганын жарыялады. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи X социалдык тармактагы баракчасына Ирандын армиясынын аскердик операциялары жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттө токтотулганын билдирди.

Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social платформасына Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин жазган.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган.

09:27 24.6.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин жазды.

Бул тууралуу ал Truth Social платформасына жазды. Трамп “12 күндүк согушту” токтотчу келишим этап-этап менен күчүнө кирерин билдирди. АКШ президентинин жазганына караганда, ок атуу жакынкы “алты саат ичинде” токтоп, ал алгач 12 саатка созулат жана андан соң “согуш аякташы керек”.

Трамп постунда ок атууну токтотуунун көп жагдайларын ачыктаган эмес.

“Баарыңарды куттуктайм”, - деп жазды АКШ президенти.

"Расмий түрдө Иран ок атууну токтотот, анын 12-саатында Израил ок атууну токтотууну баштайт. Ал эми 24-саатында бүткүл дүйнө 12-күндүк согуштун расмий аяктаганын кубаттайт”, - деп кошумчалады Трамп.

Бирок Иран жана Израилдин бийликтери бул тууралуу комментарий бере элек.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

АКШ 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк объекттерине абадан сокку урган. Президент Дональд Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” билдирген. Иран Пентагондун чабуулу үчүн өч алаарын жарыялаган.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG