Спикер “Жогорку Кеңеш алсыз” деген сындарды четке какты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламент өлкөдө таасири бар жана күчтүү бийлик бутагы деп эсептей турганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталган жыйында сөз сүйлөп жатып айтты.

Ал мыйзам чыгаруу бийлигине коомдо орундуу да, орунсуз да сын-пикирлер айтылып келатканын, бирок парламент өз ыйгарым укуктарынын чегинде жакшы иштеп, мамлекттин өнүгүшүнө негиз болгон тарыхый чечимдерди кабыл алып жатканын кошумчалады.

“Парламент алсырап калды. Акыбалы мурдагыдай эмес” дегендерге кошулбайм. Кандай гана мамлекеттик маселе болбосун ушул жерде чечилет жана кабыл алынат. Бул жерде кабыл алынбаган чечимдер болсо ал ишке ашпайт, иштебейт. Бардыгы парламент кабыл алган эрежелер менен ишке ашат”, - деди ал.

Депутаттар 26-июндан баштап эки айлык эс алууга тарады. Жогорку Кеңеш ишин сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тарта баштайт.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланган.

Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерди позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сындар айтылып келет. (BTo)


Дагы караңыз

Журналисттик иликтөө фондун Азамат Тынай тегин жетектейтДнепрдеги соккунун курмандыктары 20га жетти Мамыркулованын сотуна эксперт келбей, отурум дагы жылдыТокмоктун мурдагы мэри баш болгон төрт адам эки айга камалдыАялга зомбулук көрсөткөн деген айып менен милиция кызматкери кармалдыИранда Израилдин пайдасына “тыңчылык кылган” делген үч адам дарга асылдыУКМК Абдулла Юсупов шылуундукка айыпталып кармалганын билдирдиБишкек милициясы жашырылган курал-жарак табылганын билдирдиТүркияда кармалган кыргызстандык мугалимдин соту сентябрда башталат