Газадагы соңку чабуулдарда ондогон кишинин өмүрү кыйылды

Газа тилкесинин түндүгүндө жараат алган адам, 23-июнь 2025-жыл.

Соңку эки күн ичинде Газа тилкесиндеги чабуулдар ондогон адамдын өмүрүн алды. “Ассошиейтед пресс” жаңылыктар агенттиги жазгандай, шейшембиден шаршембиге чейинки бир сутка ичинде Израилдин чабуулдарынан 79 киши өлдү.

Би-Би-Синин маалыматына ылайык, шаршемби күнү тилкеде кеминде 45 палестин тургунунун өмүрү кыйылды. Эки басылма тең бул маалыматты Газадагы АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобу башкарган саламаттыкты сактоо мекемесине шилтеме кылып жазды.

Израил да шейшемби күнү Газада жети аскеринен айрылганын билдирди. Маалыматка ылайык, бул жоокерлер жергиликтүү палестин тургуну аскердик унаага жайгаштырып кеткен бомба жарылганда набыт болушкан.

Бул Израил армиясынын соңку бир нече ай ичиндеги Газадагы эң чоң жоготуусу болуп калды.

“Ассошиейтед пресстин” маалыматына ылайык, 79 кишинин 33ү гуманитардык жардам алганы барганда каза тапкан. Соңку апталарда Газадагы жергиликтүү күбөлөр жана саламаттыкты сактоо мекемелери Израилди гуманитардык жардам алганы барган тургундарга ок атты деп күнөөлөп келет.

Израилдин армиясы жардам таратылган жайларда аскерлер шектүү адамдар жакындаганда эскертүү иретинде ок чыгарууга аргасыз болуп жатканын билдирип жүрөт.

Расмий Тель-Авивдин Газадагы чабуулдары ХАМАС радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден бери уланып келет.

Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдар Газада каза болгондордун басымдуу бөлүгү балдар менен аялдар экенин билдирген.

Тилкеде ок атышууну биротоло токтотуу аракеттеринен толук майнап чыкпай келет.

Дагы караңыз

Орусияда Украинаны колдогон казак жараны 12 жылга соттолдуСпикер “Жогорку Кеңеш алсыз” деген сындарды четке кактыЕвропа кеңешинде Украинадагы согушка байланыштуу атайын трибунал түзүлөтЖурналисттик иликтөө фондун Азамат Тынай тегин жетектейтДнепрдеги соккунун курмандыктары 20га жетти